• 88.68
  • 95
  • 0.95

Акыйкатчы бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзамды чакыртып алууну сунуштады

Коом 0

Бишкек, 18.07.23. /Кабар/. Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демигечилерине аны чакыртып алууну сунуштады. Бул тууралуу Омбудсмен институтунун маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институту аталган мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан.

Мандатка ылайык, Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинен КРнын Конституциясында каралган бирикмелерге биригүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана эл аралык укуктук нормаларды камсыздоону жактайт.

Акыйкатчы “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамынын (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы) жана КРнын Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана КРнын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады.

Ошондой эле акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий