• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Борбордо «Жаш таланттар-2017» сынагы өтөт

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. 11-12-апрелде №1 Балдардын музыкалык мектебинде борбордук балдардын музыкалык жана искусство мектептеринин “Жаш таланттар-2017” шаардык сынагынын ачылышы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Чыгармачыл мелдештердин максаты – шаардын музыкалык мектептеринин окуучуларынын арасынан чыгармачыл жамааттарды аныктоо, аспаптык аткаруу ансамблдеринин чеберчилигин жогорулатууга аракеттешүү болуп саналат. Элдик жана фольклордук музыканы жайылтуу, эл аспаптар ансамблдерин колдоо, эстетикалык табитти калыптандыруу болуп эсептелет.

Сынак 7 жаштан 17 жашка чейинки жаш категорияларында “Кыргыз эл аспаптары”, “Аралаш ансамбль”, “Фольклордук ансамбль”, “Орус эл аспаптары”, “Орус эл аспаптарынын чакан түрдөгү ансамблдери” номинацияларында өтөт.

Жеңүүчүлөр I, II, III-даражадагы дипломдор, “Үмүт” атайын сыйлыгы, мэрия тарабынан бөлүнгөн байге фондусунун акчалай сыйлыктары менен сыйланышат.

Артисттердин талантын К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын жана М.Күреңкеев атындагы КММУнун профессордук-окутуучулук курамынан келген калыстар тобу баалайт.

Сурап-билүү телефондору: 0312-59-47-08 Бишкек шаардык мэриясынын Маданият башкармалыгы.

Пикир

Оставить комментарий