• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандыктардын көйгөйлөргө карата мамилесин чагылдырган ролик

Коом 0


Бишкек, 26.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстанда жарандардын кандайдыр бир көйгөйлөргө карата мамилесин көрсөткөн өзгөчө ролик тартылды.

“Кыргызстандын Коомдук Кеңештерине жарандык коомду тартууну күчөтүү” (“Усиление вовлечения гражданского общества в Общественные Советы Кыргызстана”) Facebook баракчасында жашоочулар өздөрү чече алышса дагы бардык маселелерге бийликти айыптаган видео жарыяланган.

“Кыргызстандын Коомдук Кеңештерине жарандык коомду тартууну күчөтүү” долбоору 2016-жылдан тарта Густав Штреземанн (GSI) атындагы Институтут менен (Германия, Бонн шаары) Адам укуктары боюнча Кеңештин ортосундагы өнөктөштүктө ишке ашырылууда.

Долбоордун жалпы максаты – айкындуулук жана отчеттуулук механизмдерин киргизүү жолу менен өлкөдө укуктун Үстөмдүгүн бекемдөөгө аракеттешүү.

Долбоордун ишмердиги жарандык коом менен коомдук институттардын Коомдук Кеңештин ролун коомчулук тарабынан түшүнүүгө жетишүү, Коомдук Кеңештер менен жарандардын өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрүн түзүү үчүн натыйжалуу социалдык өнөктөштүк түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий