• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда өзбекстандыктар бараткан автобус кырсыкка учурады

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 26.02.18 /Кабар/. Казакстандын Актөбө облусунда жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурады. Жыйынтыгында жети киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык департаментинен билдиришти.

Полициянын маалыматы боюнча, кырсык 25-февраль кечинде Самара — Шымкент унаа жолунун Хромтау районундагы бөлүгүндө болгон. Автобус Өзбекстандын жарандарын алып бараткан. Ичинде 25 жүргүнчү болгон.

«Актөбөдөн Хромтау шаарына бараткан 35 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен. Жыйынтыгында түрдүү жарааттары менен жети жүргүнчү райондук оорукана жеткирилди. Алардын баары Өзбекстандын жарандары», — деп жазылган департаменттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Полиция «Жол кыймылынын же транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча тергөө иштерин баштады.

Булагы: CENTRAL ASIAN

Пикир

Оставить комментарий