• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боронов Өзгөн районундагы кооптуу участкалардын абалы менен жеринде таанышты

Коом 0

Бишкек, 01.12.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 1-декабры күнү КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов жана министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген топ Ош облусунун Өзгөн районунда иш-сапарда жүрүшөт. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапардын жүрүшүндө, министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Өзгөн районундагы Жазы жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээгиндеги турак үйлөргө коркунуч жараткан, кооптуу участкаларды жазгы жана жайкы сел, суу ташкындарынан коргоо боюнча иш-чараларды жеринде өзү көрүп, тиешелүү жетекчилерге тез арада ыкчам аракеттерди жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.

Өзгөн шаарынын Жаңы-Өзгөн кварталындагы жана Мырза-Аки айыл өкмөтүнүн Мырза-Аки айылындагы турак үйлөрдү коргоо максатында Жазы дарыясынын оң жак жээгине 366 метр дамба (суу тосмо) , ал эми Дөң-Булак айыл аймагына караштуу Чымбай айылындагы Кара-Дарыянын оң жээгине 500 метр дамба куруу зарылчылыгы келип чыгууда.

Иш-сапардын жүрүшүндө Өзгөн районунун акими Олжобай Осмоналиев: “Дарыя кирген мезгилде суу жээктен ашып, турак жайларды жана айдоо аянттарын алып кетүү коркунучу пайда болот. Жазы жана Кара-Дарыя дарыяларынын жээктерин бекемдөө иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында, жалпы 5500 кожолук жана 980 гектар жерлер кырсыктан корголот”-деди.

Ошондой эле, Министр Кубатбек Боронов, дарыялардын жээктериндеги ар кайсы жерден шагыл казып алып, суунун нугун буруп жаткан жарандарга тиешелүү чараларды көрүү боюнча жергиликтүү бийликке тапшырма берди.

Андан ары, министр Кубатбек Боронов Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыркаган жарандардын абалы менен таанышып, жабырлануучуларга салынган үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөөдө.

Пикир

Оставить комментарий