• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19. Кыргызстанда кандай маалыматтык системалар иштелип чыгууда?

Коом 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Мамлекеттик технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов алар жана аларга көмөк көрсөткөн IT адистер тарабынан коронавирус боюнча иштелип чыккан маалыматтык системалар тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, ыкчам штабдын демилгеси боюнча комитеттин алдындагы IT штабдын колдоосу менен бир катар маалыматтык системалар иштелип чыккан.

“Жардамын аябастан акысыз негизде өз салымын кошуп келе жаткан 400дөн ашык адиске ыраазычылык билдирем”, - деди ал.

Исмаилов, аткарылган жана аткарыла турган иштер тууралуу кененирээк айтып берди.

1. Саламаттык сактоо боюнча аткарылган долбоорлор

Медицина персоналдарынын ишин жеңилдетүү максатында:

• Лабораториялык маалыматтарды башкаруу маалыматтык системасы (ЛМБМС) COVID-19 боюнча лабораториялык маалыматтарды натыйжалуу эсепке алууну жана тез берүүнү камсыз кылуу үчүн мамлекеттик лабораторияларда ишке киргизилген. ЛМБМС биринчи кезекте оорулуулардын анализдери жана баяндарынын бирдиктүү базасын түзүүгө шарт түзөт. Система пилоттук түрдө 10 мамлекеттик лабораторияда ишке киргизилген. ЛМБМС киргизилген мамлекеттик лабораториялар «Түндүк» системасы аркылуу тиешелүү лабораториялык маалыматтарды алмашууда. Система USAID өнөктөштөр менен бирдикте «Соцсервис» МИ тарабынан иштелип чыккан.

• Эпидемиологиялык маалыматтарды эсепке алуучу смарт система – санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жардам иретинде иштелип чыккан электрондук автоматташтырылган башкаруу системасы. Санариптик система документтердин төмөнкүдөй түрлөрү боюнча электрондук документ жүгүртүүнү камсыз кылат:

- коронавирус жуккандыгы тастыкталган жана жугушу мүмкүн болгон учурлар жөнүндө убактылуу анкета;

- коронавирус жуккан оорулуу менен байланышта болгон адам жөнүндө маалыматтарды алуу үчүн анкета;

- Кыргыз Республикасына келген адамдар үчүн форма.

- анализдин жыйынтыктары боюнча маалымат.

Бул санариптик чечим саламаттык сактоо системасынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чөйрөсүндөгү бардык түзүмдүк бөлүмдөрдөгү иштин электрондук форматын камсыз кылат. Системаны ишке киргизүү боюнча жумуштар Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинде, Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча оперативдүү штабда, ошондой эле облустук, шаардык штабдарда жүргүзүлгөн.

• Медициналык маалыматтык-сурап билүү сайты http://hidoctor.kg, ал оорунун белгилери пайда болгон адамдарга дартын аныктоого жардам берет. Бардык алгоритмдер жана андагы суроолор медициналык адистер менен макулдашылган. Сайтта ошондой эле, дарыканалар, жеткирип берүү кызматтары, лабораториялар боюнча маалымат бар. Жогорку технологиялар паркынын (ЖТП) резиденттери тарабынан акысыз негизде иштелип чыккан.

• «COVID Control» АБС – электрондук автоматташтырылган башкаруу системасы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматына жардам иретинде, ЖТП резиденттери тарабынан акысыз негизде иштелип чыккан. Санариптик система адамдардын саламаттыгына жана үй карантиндеги адамдардын шарттарды сактоосуна аралыктан мгониторинг жүргүзүүгө шарт түзүп берет.

• Telegram чатбот (https://t.me/COVID19_KyrgyzstanBot) коронавируска байланышкан кырдаал боюнча маалымат берүү үчүн түзүлгөн. Бул чечим врачтардын көп кайталанган суроолор боюнча жарандарга маалымат берүү түйшүгүн жеңилдетүүгө жана оорулууларга түздөн-түз жарам берүү үчүн убакыттын кеңири болушуна шарт түзгөн. ЖТП резиденти тарабынан акысыз негизде иштелип чыккан.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө жана башка расмий маалыматтар тууралуу калкка кабарлоо боюнча:

• www.covid.gov.kg (www.covid.kg) расмий ресурсу, мында өлкөдөгү коронавирус жөнүндө акыркы маалыматтарды, өлкө жетекчилигинин видео кайрылууларын, медициналык кеңештерди, ыйгарым укуктуу органдардын байланыш маалыматтарын алууга болот. Маалымат такай жаңыланып турат.

• www.help.covid.kg онлайн ресурсу Саламаттык сактоо министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жана Бишкек ш. мэриясына коронавируска каршы күрөшүү боюнча келип түшкөн кайрымдуулук каражаттарга мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан. Бул чечим ошондой эле, жеке жактарга электрондук капчыктардын, мобилдик же интернет банкингдин жардамы менен каражаттарды ыктыярдуу которуу мүмкүнчүлүгүн берет.

• http://virus.el.kg/ кыргыз тилиндеги маалыматтык-статистикалык сайты. Бул сайтта онлайн режимде коронавирус боюнча актуалдуу дүйнөлүк, анын ичинде Кыргызстан боюнча статистикалык маалыматтарды көрүүгө болот. ЖТП резиденти тарабынан акысыз негизде иштелип чыккан.

2. Азыркы учурда МТБМК эмненин үстүндө иштеп жатат (кыска мөөнөттөгү милдеттер):

Азыркы учурда саламаттык сактоо боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын жана коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын суроо-талаптарынын негизинде ата мекендик IT адистер тарабынан жаңы санариптик системалар иштелип чыгууда.

• Койка-орундарды эсепке алуу системасы. Коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб тарабынан коюлган маселе боюнча азыркы учурда медициналык мекемелердин ишин оптималдаштыруу максатында жана дарылоо мекемелерине адамдардын толгондугуна мониторинг жүргүзүү максатында стационардык орундарды эсепке алуу системасын иштеп чыгуу жана тестирлөө жүргүзүлүүдө. Бул система буга чейинки болгон жана жана сунушталган ресурстардын натыйжасында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мурда иштелип чыккан жана ишке киргизилген маалыматтык системаларга интеграцияланат.

• COVID боюнча лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын алуу онлайн системасы. Жарандарга ыңгайлуулугун арттыруу жана байланыштарды азайтуу максатында биздин адистер COVID-19га анализ тапшырган жарандарга анализдин жыйнтыгын онлайн алууга – СМС, электрондук почта аркылуу алууга шарт түзгөн санариптик чечимди иштеп чыгууга киришти.

• Социалдык байланыштарды контролдоо автоматташтырылган системасы же байланыштардын трейсинги. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк тажрыйбадагы ийгиликтүү мисалдарды изилдеп чыгып жана анын жайылышынын динамикасын эске алуу менен, ата мекендик иштеп чыгуучулар калктын байланыштарына байкоо жүргүзүү үчүн атайын мобилдик тиркемени иштеп чыгууга киришишти. Бул санариптик чечим – мобилдик тиркеме жарандарга көпчүлүк телефон каражаттарындагы Bluetooth'дун жардамы менен лабораториялык шартта коронавирус табылган адамдар менен байланыш болгондугуна мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. Маалыматтар түздөн-түз жарандардын смартфонунда иргелет. Ушуга окшош тиркемелер Apple, Samsung, Google ж.б. компаниялардын чечимдерине окшош.

Пикир

Оставить комментарий