• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Соцфондго 5 айда 3853 арыз жана кайрылуу келип түшкөн

Коом 0

Бишкек, 20.06.22. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандарды, арыздарды кабыл алуу жана калк менен иш алып баруу бөлүмүнө 2022-жылдын январь-май айларында 3853 арыз жана даттануу-кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирет.

Анын ичинен:

  • жазуу түрүндө кайрылуулар – 191;
  • ооз эки кайрылуулар – 269;
  • электрондук кайрылуулар – 81.

2022-жылдын январь-май айларында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

  • пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;
  • мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;
  • пенсияларды индексациялоо тууралуу;
  • пенсияга укугу боюнча;
  • пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;
  • пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле, төраганын орун басарлары жана аппарат жетекчиси тарабынан 49 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөөлөр берилип келүүдө.

2022-жылдын январь-май айларында 3263 телефон чалуулар, анын ичинен уюлдук телефон аркылуу 1006 чалуулар түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий