• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоо иштери 85%га аткарылды

Коом 0

Бишкек, 08.09.20. /Кабар/. Токмок шаарындагы оорукананын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 85%га аткарылды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, курулуш объектисинин жалпы аянты 4 617 м2, ал эми долбоордук кубаттуулугу боюнча 216 орунга эсептелинген.

Бүгүнкү күнгѳ карата демонтаждоо иштери, полдорду түздѳѳ, имараттын тышкы жасалгасы, тепкичти грунтовкалоо жана жертөлө жайларындагы дубалдарды коюуу 100%га бүткѳрүлгѳн. Ошондой эле реанимациялык бѳлүмү, имараттын чатыры, жылытуу системасы, канализациялык түтүктөрү жана электр өткөргүчтөрдүн орнотуу иштери дагы 100%га аяктады.

Учурда объектте ички жасалгасы жана желдетүү шахталарынын түзүлүшү боюнча иштер уланууда.

Белгилей кетсек, аталган объект 25 млн 716 миң сомго каржыланды. Курулуш иштерине 160 жумушчу тартылган. Объектти 2020-жылдын 15-сентябрына карата аяктоо пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий