• 88.68
  • 95
  • 0.95

Соцтармакта тенденциялуу материалдарды жарыялаган жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду — УКМК

Коом 0

Бишкек, 11.01.24. /Кабар/. "Фейсбук" социалдык тармагына тенденциялуу материалдарды жарыялаган К.К. аттуу жарандын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан К.К. аттуу КР жаранынын "Фейсбук" социалдык түйүнүндө КР Кылмыш-жаза мыйзамдарында кылмыш иши болуп саналган, региондорго таандык белгилери боюнча жарандардын өзгөчөлүгүн пропагандалоого багытталган тенденциялуу, провокациялык материалдарды жарыялаган ишмердиги аныкталып, ага бөгөт коюлду.

2024-жылдын 09-январында К.К.нын үйүндө тинтүү жүрүп, Кыргызстанда аймактар аралык тынчтыкка жана ынтымакка каршы кылмыш жасоого колдонулган уюлдук телефон далил буюм катары алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий