• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандагы маданият өкүлдөрү залкар комузчуларды эскеришти

Маданият 0

Бишкек, 08.09.20./Кабар/. Кыргызстанда жарыяланган Комуз жумалыгынын алкагында залкар комузчулар эскерилип, айкелдерине гүл чамбар коюлду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Залкар комузчулардын айкелдерине гүл чамбар коюу иш-чарасына СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисттери, маданиятка эмгек сиңирген ишмерлер, өнөр адамдары жана жаңы чыгып келе жаткан жаш комузчулар катышкан.

Гүл чамбар Бишкек шаарында - Токтогул Сатылгановдун, Ош шаарында - Ниязалы Борошевдин жана Ысык-Көл облусунун Корумду айылында - Карамолдо Орозовдун айкелдерине коюлду.

Эске салсак, Маданият министрлиги 7нен 13-сентябрга чейин “Комуз” жумалыгын жарыялаган. Иш-чара эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу онлайн форатта өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий