• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Москва премьерасы” кинофестивалында эки кыргызстандык тасма сыйлык алды

Маданият 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Россияда өткөн “Москва премьерасы” кинофестивалында “Шамбала” жана “Селкинчек” тасмалары сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Кыргызстандын кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган фестиваль 12-17-ноябрь күндөрү Москва шаарында болуп өткөн.

Фестивалда режиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасында Момун чалдын ролун аткарган Насретдин Дубашев “Мыкты эркек ролу” сыйлыгын алса, тасмадагы кичинекей бала – Шамбаланын ролун аткарган Артур Аманалиев оюну калыстар тарабынан өзгөчө белгиленген.

Ошондой эле кыска метраждуу тасмалардын сынагында Адилет Каржоевдин “Селкинчек” тасмасы “турмушту көркөм чагылдыргандыгы үчүн” калыстардын атайын сыйлыгына татыган.

Белгилей кетсек, Болот Шамшиевдин элесине арналып кинофестивалдын алкагында режиссердун “Ак кеме” тасмасы эл назарына коюлган.

Эскерте кетсек, Кинофестивалдын негизги сынак бөлүгүндө баш байге үчүн Кыргызстандын атынан “Шамбала” тасмасы ат салышкан. Ошондой эле кыска метраждуу тасмалардын сынагында “Селкинчек”, “Чек арада” жана “Кекунун эс алуу күндөрү” тасмалары катышкан.

Пикир

Оставить комментарий