• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абадда "Бакыт" борборунун жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды

Аймак 0

Бишкек, 18.11.20. /Кабар/. Жалал-Абад облустар аралык ден соолукту калыбына келтирүүчү "Бакыт" борборундагы 100 орундуу кошумча жугуштуу оорулар бөлүмү убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштеген 25 медицина кызматкери обсервацияга жиберилип, кайрылган бейтаптар мындан ары облустук клиникалык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланат.

"Соңку аптада коронавирус илдетинин жарандар арасында жугуу көрсөткүчү басаңдаган. Ага ылайык, аталган жайдын иштөө муктаждыгы убактылуу жоюлуп, даярдык чаралары көрүлгөн шартта жабылды", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, облустук клиникалык оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмү жалпы 95 орунга ылайыкташкан. Азыркы учурда 43 орун бош.

Пикир

Оставить комментарий