• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош: Мэр спортчулар жана машыктыруучуларды сыйлады - сүрөт

Аймак 0

Бишкек, 06.04.19. /Кабар/. С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 6-апрель-дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин депутаттары, дене тарбия жана спорт кызматкерлери, машыктыруучулар, спортчулар, спорт күйөрмандары катышты. Т.Сарыбашов катышуучуларды кесиптик майрамдары менен куттуктап, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага алып чыгуу үчүн спортту өнүктүрүүгө басым жасоо, калк арасында спортту жайылтуу негизги максаттардын бири экенин билдирди.

“Бир эле спортчу өз жеңиши менен өлкөсүн дүйнөгө таанытышы мүмкүн. Ош шаары да күчү менен дүйнөнү багындырам деген спортчулардан уучу кур эмес. Шаарыбыздын спортчулары жана курама командалары жергиликтүү, республикалык ошондой эле эл аралык дэңгээлдеги мелдештерге активдүү катышып байгелүү орундарды багындырып келишүүдө. Биз шаарда спорт тармагын өнүктүрүү, спортчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, аларды ар тараптан колдоого дайым даярбыз. Сиздердин мамлекетибиздин намысын чет жерде татыктуу коргоп, жетишкен ар бир жеңишиңиздер биз үчүн чоң сыймык жана сүйүнүч” - деди шаар мэри.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө, өткөн жылы мыкты жетишкендиктерге жетишкен 50дөн ашуун спортчуларга, машыктыруучуларга жана ардагер машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар жана жеке статуэткалар тапшырылды.

Ошондой эле, шаардын коомдук-саясий ищмердүүлүгүнө активдүү катышкандыгы жана 6-апрель- КРнын дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнүнө карата бир нече кызматкерлерге калаа башчысы Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталарын ыйгарды.

Салтанаттуу майрамда спортчулар өнөрлөрүн көрсөтүп, катышуучуларга концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий