• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы Токтогулдагы сугат суу маселесин жеринен көрүп кайтты

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Токтогул районунун Мазар-Суу жана Көтөрмө айылынын сугат сууга болгон тартыштык маселесин жеринен көрдү. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө аталган айылдардагы жергиликтүү дыйкандарга орнотулган суу насостук станцияларынан суу жергиликтүү көйгөй жаралган.

Анын себеби Мазар-Суу айылындагы суу өткөрүү станциясына электр энергиясынын кубаттуулугу жетишсиз болсо, Көтөрмө айылындагы насостук станцияны чоңойтуу муктаждыгы бар.

Жергиликтүү жашоочулар менен жолуккан облус өкүлү тийиштүү кызматтарга керектүү документ иштерин даярдоону тапшырды. Азыркы учурда дыйкандарга суу берүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн курулмалардагы иштер, түшүм жыйналып бүткөндөн кийин аткарылаарын айтты.

Токтогул районунун Мазар-Суу жана Көтөрмө айылдарында насостук станциялардагы муктаждык жоюлса, айылдарда кошумча 250 гектар жерге сугат суу жеткирилет.

Пикир

Оставить комментарий