• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов жарандарды кабыл алды

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-июль күнү резипденттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов ар кандай маселелер менен кайрылган жарандарды кабыл алды.

Облустагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жарандар жер, суу маселеси, материалдык жардам сурап кайрылышты. Ошондой эле Ош облусундагы айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорлорун сунушташты.

Зиядин Жамалдинов келген жарандардын көйгөйлөрүн угуп чыгып, маселелер менен таанышып, тийиштүү жетекчилерге жеринен барып чечүүгө тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Ош облусунун мурдагы башчысы Жарасул Абдураимов экономика жана финансы министринин орун басары болуп дайындалып, анын ордуна Зиядин Жамалдинов Ош облусун жетектей турган болгон.

Пикир

Оставить комментарий