• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 15 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан  коргоо  күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу КК Башкы штабынын басма сөз кызматы билдирет.
Салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн кол башчысы, полковник Кылычбек Айдаралиев жана Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн кошуундарынын жана аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы катышты. 
Иш-чаранын  жүрүшүндө Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн  аскер кызматчылары кызматтагы жетишкендиктери жана жогорку кесипкөйлүгү үчүн КР Коргоо министринин сыйлыктарына ээ болушту.
Бүгүнкү күндө КР Куралдуу күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрү Кыргыз Республикасын аба мейкиндигин коргоого багытталган Куралдуу күчтөрдүн бир түрү. 
Ошондой эле, аскерлерди жана материалдык-техникалык каражаттарды ташуу тапшырмаларын аткарып келишет. 

Пикир

Оставить комментарий