• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алай райондук милициясы “Таза жана жашыл жашоого чакырабыз” акциясын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 26-июлунда Чоң-Алай райондук милициясынын кызматкерлери райондук мамлекеттик администрация менен биргеликте “Таза жана жашыл жашоого чакырабыз” аталыштагы акция өткөрүштү. Бул тууралуу Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган акцияга жергиликтүү жаштар да активдүү катышып, Дароот-Коргон айыл аймагындагы көчөлөрдү жана коомдук жайларды таштандылардан тазалашты.

"Акция учурунда жашоочуларга айлана-чөйрөнү таза кармоо ар түрдүү оору-сыркоонун алдын алуу үчүн зарыл экендиги айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Иш-чаранын уюштуруучулары жана катышуучулар бул демилгени мындан ары улантууну макулдашышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий