• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызыл-Кыяда өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс кармоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кызыл-Кыя шаардык милициянын көчмө кабылдамасы шаар аймагындагы жаш өспүрүмдөрдү кылмыштуулуктан алыс кармоо жана укук бузууларга жол бербөө максатында билим берүү мекемелеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Мындан тышкары, спирт ичимдиктерин, тамеки, насвай саткан дүкөндөрдүн сатуучуларына жашы жете элек өспүрүмдөргө сатпоо боюнча эскертүүлөрдү берди.

Жаш өспүрүмдөр уулуу заттарды колдонгондон кийин жүрүм-туруму өзгөрүп, жашоосунда көп көйгөй жаратарын, ошондой эле бул заттар ден соолукка терс таасир берерин мектеп окуучуларына түшүндүрүп беришти.

Бул иш-чарадагы милициянын көчмө кабылдамасында милициянын участкалык уполномоченныйлары, балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана квартал комитеттери чогуу жүрүп, өспүрүмдөрдү туура жолго багыттоо боюнча иш-чараларды өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө КР Бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 2 жаш өспүрүмгө тартип бузгандыгы боюнча протоколдор толтурулду.

Пикир

Оставить комментарий