• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Олимпиада 2020. Суучул Денис Петрашов жарым финалга өтпөй калды

Спорт 0

Бишкек, 27.07.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда брасс ыкмасында 200 метр аралыкка сүзүү боюнча мелдешке катышты.

Бул аралыкка жалпы 40 спортчу катышкан. Алар 5 тайпага бөлүнүп күчүн сынашты. Петрашов өзүнүн тайпасында 2 мүнөт 10,07 секунд убакытта биринчи келди.

Бирок жалпы көрсөткүчтө кыргызстандык спортчу 18-орунду ээледи. Жарым финалга өтүү үчүн Петрашовго 0,12 секунд жетпей калган.

Эскерте кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс ыкмасында 100 метр аралыкка сүзүп, 27-орунду ээлеген.

Нет описания.

Пикир

Оставить комментарий