• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

УКО-2019: Чүй облусунун улакчылары Таласты 5:2 эсебинде утуп алды

Спорт 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. Талас шаарында өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалында Таластын улакчылары менен Чүй облусунун командасы ортосунда оюн болуп өттү.

Р. Алканов атындагы ат майданында болгон беттеште Чүй облусунун командасы Таласты 5:2 эсебинде утуп алды.

Эскерте кетсек, чучукулактын негизинде жарым финалга чыккан командалар бөлүштүрүлгөн. Анда Талас Чүй облусуна, Ош облусу Бишкек шаарынын улакчыларына туш болгон.

Көк бөрү боюнча мелдештин финалдык таймашы эртең, 21-сентябрда болот.

Пикир

Оставить комментарий