• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия чемпионаты: Айжамал Адылбекова коло байге алды

Спорт 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыздар арасында бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Айжамал Адылбекова Азия чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш Казакстандын Астана шаарында өтүп жатат.

Спортчу 63 кг чейинки салмакта катышып, 1/4 финалда тажикстандык мушкерди утуп, жарым финалдык беттеште казакстандык спортчуга жеңилип калган.

Эскерте кетсек, 21-октябрда башталган бокс боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасында Азия чемпионаты 4-ноябрда жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий