• 88.68
  • 95
  • 0.95

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы эми Жалал-Абад шаарында

Аймак 0

Бишкек, 11.09.23. /Кабар/. "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясы эми Жалал-Абад шаарында, деп билдирет муниципалитет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык мэриясы жергиликтүү бюджеттен 1 млн сом акча каражатын бөлүп, шаардыктардын чек талап кылып, байге утуп алуу мүмкүнчүлүгүн арттырды.

"Ал үчүн сиз “Салык чек” тиркемесинин аты-жөнүңүз жазылган жеке маалымат бөлүмүнө кирип, аймактардын арасынан Жалал-Абад облусун жана Жалал-Абад шаарын тандап, сактоо баскычын басыңыз. Ошондо сиз бир ID билет менен Мамлекеттик салык кызматы тарабынан өткөрүлүп жаткан лотереяга жана Жалал-Абад шаарында өтүп жаткан лотереяга катыша аласыз", - деп түшүндүрүштү мэриядан.

Белгилей кетүүчү жагдай, “Салык чек” тиркемесиндеги аймактардан Жалал-Абад шаары тандалбаган жана ККМ чектери Жалал-Абад шаарындагы соода жайларынан, тейлөө кызматтарынан алынбаган чектер Жалал-Абад шаарындагы лотереяга катыша албайт.

Лотереянын баш байгеси 100 миң сом. Мындан сырткары, жеңүүчү аталган 3 ID билетке 50 миң сомдон, 25 ID билетке 10 миң сомдон жана 100 ID билетке 5 миң сомдон белек берилет.

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясынын Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулуп жаткан лотереясы 2023-жылдын 21-октябрында "Курманбек" стадионунда өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий