• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кумтөрдүн ашпозчулары Анталиядагы эл аралык гастрономиялык фестивалда 10 медалга ээ болду

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. «Кумтор Голд Компанинин» ашпозчулары «Gastro Antalya» эл аралык гастрономиялык фестивалында 10 медалга ээ болду. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган фестиваль 15-18-ноябрь күндөрү Түркиянын Анталия шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн эң мыкты делинген 750 ашпозчу катышкан.

Кыргызстандын намысын бул мелдеште Кумтөр кен жайынын коомдук тамактануу бөлүмүнүн 5 кызматкери татыктуу коргоп, 6 алтын, 1 күмүш, 3 коло медалдын ээси болушту.

Ошентип, Ипатов Александр - “Тамактын заманбап тартылышы” жана «Кой этинен жасалган тамак» номинациялары боюнча эң мыкты деп табылып, 2 алтын медаль тагынды.

Расул Русланбеков - “Тамактын заманбап тартылышы” жана “Балыктан жасалган тамак” номинацияларында алдына киши салдырбай, 2 алтынды багындырды.

Азамат Сабаев болсо, “Кой этинен жасалган тамак” номинациясынан алтын алып, “Паста” жасоо боюнча коло медалдын ээси болду.

Арген Саватбеков “Балыктан жасалган тамак” номинациясынан алтын, “Кой этинен жасалган тамактан” күмүш байгени утту.

Асаналиева Динара “Паста” жана “Десерт” номинациялары боюнча 3-орунду ээлеп, эки коло медаль тагынды.

Ошондой эле гастрономиялык бул фестивалдын алкагында Кумтөрдүн ашпозчулары «Салттуу түрк ашканасы» боюнча квалификациялык курстарга катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Пикир

Оставить комментарий