• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда акыркы жумада мас абалында унаа башкарган 242 айдоочу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Кыргызстанда 13-ноябрдан 19-ноябрга чейинки бир жума аралыгында 16 миң 454 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 242;
- мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 275;
- авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 41;
- жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 582;
- транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2630;
- авто ээнбаштык – 5;
- белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4197;
- жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 3;
- башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8479;

Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1302 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулганы белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий