• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан менен Кытай жүк ташууга дагы 20 миң уруксат кагазын алмашууну макулдашты

Коом 0

Бишкек, 13.09.23. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Кытайдвн Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун (СУАР) транспорт департаментинин делегацияларынын транспорт маселелери боюнча кезектеги жолугушуусунун алкагында 20 миң даана жүктөрдү ташууга уруксат бланктарын кошумча алмаштырууну макулдашуу жөнүндө" протоколго кол коюлду.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, протоколго КР транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев жана Кытайдын СУАР транспорт департаментинин коммунисттик партиясынын катчысынын орун басары Лю Пин кол коюшту.

"Мындан тышкары, кол коюлган протоколдун алкагында 2024-жылга жүктөрдү автотранспорт менен ташууга уруксаат квотасы 60 миң даана өлчөмүндө белгиленди", — деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, эки өлкөнүн автотранспорттук делегацияларынын кезектеги жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын логистикалык компаниясы менен Кытайдын эл аралык экспедициялык компаниясынын ортосунда да кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Пикир

Оставить комментарий