• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык 6 жашар шахматчы Султай Чыңгыз Галкинди таң калтырды

Коом 0

Бишкек, 17.06.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаш шахматчы Султай Чыңгыз Максим Галкиндин “Мыкты” ("Лучше всех") аттуу программасына катышып, өз өнөрүн тартуулады. Кыргызстандык шатматчы катышкан программаны кечээ Биринчи канал көрсөткөн.

Султай, Галкинге 4 жашынан бери (2 жыл) шахмат менен алектенип келе жаткандыгын айтып берген. Алып баруучунун эмне себептен спорттун бул түрүн тандадың деген суроого, Султай “Мындан башка кайсыны?” деп жооп берген.

“Ал шахматка 3 жашынан баштап кызыга баштаган. Биз ойноп отурганда, ал биздин жаныбызды койбой, "мага үйрөткүлө же болбосо силер да ойнобойсуңар" дечү. Оюндун эң кызык жерине келгенде ал шахматтын фигураларын чачып салчу. Андан жашынып ойногонго туура келчү”, - дейт атасы Чыңгыз Абылкасымов.

Анын айтымында, адегенде баласын өзү үйрөтүп, кийин шахмат клубуна алып барган. Султай катышкан ири мелдеш “Президентти кубогу” болгон. Анда төрт жаштагы Султай 2-орунду ээлеген. Румынияда өткөн мектеп окуучулары арасындагы дүйнө биринчилигинде ал, 65 спортчунун арасынан үчүнчү орунду ээлеп “ФИДЕ чеберине талапкер” наамына ээ болгон.

Максим Галкин менен болгон кыска маектен кийин кичинекей кыргызстандык шахматчы РФнын искусствого эмгек сиңирген ишмери Юлий Гусман менен ойногон.

Пикир

Оставить комментарий