• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектеги Ашар көчөсү оңдоп-түзөө үчүн жабылды

Коом 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. 27-июндан баштап “Ак-Өргө” жаңы конушунун Ашар көчөсүндө Лушихин көчөсүнөн Өмүр көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол оңдоо иштери башталат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, оңдолуп жаткан бөлүктүн узундугу 2,3 чакырым. Оңдоп-түзөөдөн кийин унаа өтүүчү бөлүктүн туурасы 9 метрди түзөт, сугат лотоктору орнотулуп, эки капталына туурасы 1,5 метр тротуарлар төшөлөт.

"Алыкулов жана Таттыбүбү көчөлөрү автоунааларга айдап өтүүнүн альтернативдүү каттамы. Оңдоо иштерин ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жол "Бишкек шаарынын көчө жана жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун (2-фаза) алкагында, Кытайдын грантынын эсебинен оңдолуп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, Кытай тарабынан каржыланган "Бишкек шаарынын көчө-жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында, Бишкек шаарында 70,87 чакырымга созулган 60 жолду реконструкциялоо, аянты 630,000 чарчы метр жол катмарын жаңыртуу, болжол менен 130 чакырым тротуарларды куруу, 46 миң ирригациялык лотокторду алмаштыруу пландаштырылууда.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана автоунаа менен жолго чыгарда маршрутту алдын ала тандап алууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий