• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сеулда Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу айтып беришти

Маданият 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Сеул шаарында "Seoul International Tourism Fair 2021" эл аралык туристтик көргөзмөсү (SITIF 2021) өтүп жатат.

КРнын Түштүк Кореядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, аталган иш-чарага кыргыз элчилиги да катышкан.

24-июнда көргөзмөнүн ачылыш аземи болуп, ага Түштүк Кореянын расмий адамдары жана чет мамлекеттердин элчилери менен катар Кыргыз Республикасынын элчиси Динара Кемелова катышты.

Бул жолу Түштүк Кореянын карантиндик эрежелеринен улам, Кыргызстандын туроператорлору көргөзмөгө катыша алган жок, (жергиликтүү өкүлүн жиберген Travel Land кошпогондо). Ошол эле учурда КРнын Туризм департаменти жана Кыргыз туроператорлор ассоциациясынын (KATO) жардамы менен кыргызстандык туроператорлордун таратуу материалдары Түштүк Кореяга жеткирилген (Travel Experts, Ak-Sai Travel, Travel Land).

"Көргөзмөнүн жүрүшүндө элчилик кыргыз студенттери менен биргеликте боз үй тигип, ал бүткүл фестивалдын көркүнө айланды. Презентациянын алкагында Кыргызстандын туристтик потенциалы жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, туристтик агенттиктеринин буклеттери таратылып, VR көз айнектин жардамы менен конокторго Кыргызстан менен виртуалдык режимде таанышууга сунушталууда жана кыргыз элинин кооз жаратылышы, бай маданияты жөнүндө маалымат берилип, конокторго боз үйдүн жанында эске каларлык сүрөткө түшүү сунушталууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, көргөзмөнүн алкагында КР элчилиги Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүдө, атап айтканда, атамекендик кол өнөрчүлөрдүн кийизден жасалган буюмдары, ошондой эле NAG Group тарабынан Кореяга жеткирилген Кыргызстандын экологиялык таза продукциялары (кыргыздын ак бал жана шоколад) сунушталууда.

Маалымат үчүн: SITIF көргөзмөсү жыл сайын Сеулда өткөрүлүп туруучу Азия чөлкөмүндөгү эң ири эл аралык туристтик көргөзмөлөрдүн бири болуп саналат, ошондой эле бүткүл дүйнөнүн туроператорлор жана туристтик агенттиктер чогулат.

Пикир

Оставить комментарий