• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Президент: Кыргыз аялдары эч убакта баштарына кап кийишкен эмес, алар элди башкарган

Маданият 0

Чоң Сары-Ой, 21-июль /Салтанат Абдраева - Кабар/. Кыргыз аялдары эч убакта баштарына кап кийген эмес, алар элди башкарып келишкен. Бул тууралуу мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Чоң Сары-Ойдогу «Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер» форумунун ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди.

“Биздин аялдар эч качан баштарына кап кийишкен эмес. Бизде башынан эле демократия, гендердик теңчилик бар болчу. Буга Курманжан Датка апабыз мисал болуп бере алат. Аны бир кездерде Финляндиянын келечектеги президенти Маннергейм ат үстүндө сүрөткө тартып алган. Анда биздин улуу Алай канышабыз 96 жашта болгон”,-деди Атамбаев.

Өлкө башчысы араб маданияты менен динди чаташтырбоо керектигин баса белгиледи. “Биздин өзүбүздүн маданиятыбыз бар”,-деп кошумчалады мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий