• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Франкофония жумалыгы өтөт. Фестивалдын темасы – саякат

Маданият 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкекте 9-мартта 19-мартка чейинки аралыкта Франкофония жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Швейцариянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Быйылкы фестивалдын темасы – саякат. Ал өзүнө билим берүү, маданий жана көңүл ачуучу иш-чараларды камтыйт.

Француз тили дүйнөдө эң көп колдонулган тилдердин катарында бешинчи орунда жана ишке байланыштуу колдонулган тилдердин тизмесинде үчүнчү орунда турат. Француз тилинде беш континентте 300 миллиондон ашык адам сүйлөйт, ошондой эле ал дипломатиянын тили да болуп саналат. 88 өлкө Эл аралык Франкофония уюмуна мүчө, алардын 29унда француз тили расмий тил болуп кабыл алынган.

Франкофония жумалыгы “Ак илбирс” деп аталган француз даректүү тасмасын көрсөтүү менен башталат, кирүү акысыз. Тасма 9-мартта саат 18:30да “Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүлөт.

“Элла Майярдын укмуштуудай саякаты” деп аталган швейцар даректүү тасмасы 17-мартта саат 18.00дө Улуттук тарых музейинде (Чүй проспектиси, 203) башталат. Тасманын биринчи бөлүгү дүйнөгө белгилүү саякатчы Э.Майярдын 1920-жылы Кыргызстан боюнча саякатын баяндайт: Майяр Ысык-Көлдү бойлой круиз уюштуруп, андан соң Тянь-Шань тоолоруна жана кытай чек арасына чейин ат минип алып, саякаттап келген. Тасманын экинчи бөлүгү швейцариялык фотограф жана кинорежиссер Франсуа Перродэндин саякатын баяндайт. Перродэн Майярдын 100 жыл мурдагы саякатынан бери Кыргызстанда эмнелер өзгөргөнүн жана эмнелер сакталып калганын сүрөттөп, ушундай эле ыкма менен саякаттап чыккан. Перродэн түштүк-чыгыштагы Көл-Суу көлүнөн Беш-Таш жаратылыш коругундагы Изабель аюуларына чейин баяндап, Өзгөн шаарындагы күрүч өндүрүшүн жана Саймалуу-Таштагы петроглифтерди көрсөтүп берет. Тасма кыргыздардын күнүмдүк жашоосу, ошондой эле өлкөнүн жапайы жаратылышы жөнүндө жалпы түшүнүктү тартуулайт.

Швейцариялык тасманын соңунда Элла Майярдын Кыргызстан боюнча саякатынын сүрөт көргөзмөсү уюштурулат (кирүү акысыз).

Канадалык тасма 13-мартта саат 18:00дө, бельгиялык “Улантуу” тасмасы 14-мартта саат 18:00дө Туризм академиясында (дареги: Шабдан Баатыр көчөсү, 99) көрсөтүлөт. Кирүү акысыз.

Франкофония жумалыгы – дүйнө жүзү боюнча жыл сайын март айынын ортосунда белгиленүүчү француз тилинин жана француз тилдүү өлкөлөрдүн маданияттарынын фестивалы. Уюштуруучулар жана өнөктөштөр кеңири коомчулук үчүн 20 иш-чарадан турган программаны даярдашты

Пикир

Оставить комментарий