• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунда жер титиреди

Кырсык 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматына таянып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 5-мартта саат 19:52 чамасында Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жердин силкинүүсү Аксы районунун Кашка-Суу, Жаңы-Айыл айылдарында 3 балл, Кербен шаарында жана Ак-Там айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Такталган маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир

Оставить комментарий