• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте келинди уурдоого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 06.03.23. /Кабар/. Бишкекте келинди уурдоого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта А.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, Калыс-Ордо конушунда А.Н. аттуу аялын белгисиз бирөө унаасына отургузуп алып кеткенин айткан. Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (“Киши уурдоо”) менен катталган.

Шектүү катары 22 жаштагы С.М. аттуу адам кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Иликтөө иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий