• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда Өзбекстандын жаранынын өлүмү иликтенүүдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. Баткен облусунда Өзбекстандын жаранынын өлүмү иликтенүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынан билдиришти.

Облустук милиция билдиргендей, 3-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканага денесинен оор жаракат алган азиат улутундагы 35-40 жаштагы жаран жеткирилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) боюнча каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

"Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучу Өзбекстандын Таш-Дөбө анклавынын 36 жаштагы тургуну экени белгилүү болгон. Ал мас абалында башынан жаракат алып жатканын көрүп, көчөдө бара жаткан жарандар аны Кызыл-Кыя шаарынын аймактык ооруканасына жеткирип, ал жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Жабырлануучу алган жаракатынан улам 3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү каза болгон. Ага байланыштуу сотко чейинки өндүрүштүн беренеси Кылмыш кодексинин 138-беренесине өзгөртүлүп, каза болгон жаранга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бул ишке шектүү катары Кызыл-Кыя шаарынын 30 жаштагы М.Н. аттуу тургуну үйүндө жашынып жаткан жеринен кармалып, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган", - деп билдиришти облустук милициядан.

Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий