• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөп кетти

Ден соолук 0

Бишкек, 10.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 10-сентябрында медицина кызматкерлеринин кезектеги тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка караганда, Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын жана Бишкек шаарынын саламаттык сактоо уюмдарынын 186 медицина кызматкери Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Алардын арасында илдеттин очогунда иштеген дарыгерлер, мээрмандар, техникалык эмгек жамааттын өкүлдөрү жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүү кызматкерлери бар. Медиктер "Эне Сай" пансионатында ден соолуктарын калыбына келтиришмекчи.

Пикир

Оставить комментарий