• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүйдө ымыркайдын сөөгү табылды. Милиция энесин издөөдө

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Пригородное айылына жакын талаадан жаңы төрөлгөн ымыркайдын (эркек) сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Млицияга 31-мартта болжол менен саат 22:09да билдирүү түшүп, анда ымыркайдан сөөгү жаткандыгы тууралуу кабарланган.

Аталган факты Сокулук РИИБге каттоого алынып, териштирүү башталган.

Милиция учурда ымыркайдын энесин издеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий