• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталды, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан.

ӨКМдин өрткө каршы жана куткаруу кызматтарынын маалыматы боюнча, сутка ичинде республиканын аймагындаБаткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда 2, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталып, аларды өчурүүгө 13 бөлүм тартылган.

Алсак, Нарында шаардык борбордук жылуулук ишканасынын от жагуучу имаратынын 30 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Ысык-Көл районунун Бостери айылында “Жигули” үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Өзгөн районунун Прогресс айылында аянты 42 чарчы метр болгон турак үйдүн 3 бөлмөсү толугу менен, 150 чарчы метр шыбы жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий