• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Аксыда аты менен сууга түшүп кеткен баланын сөөгү бир айдан кийин табылды

Кырсык 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/. Аксы районунда көпүрөдө аты үркүп сууга түшүп кеткен баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы бирдирди.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 24-май күнү 2010-жылы туулган Э.Н. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Кара-Суу айыл аймагындагы Түндүк жайлоосуна мал айдап бара жатып көпүрөдөн аты үркүп, сууга түшүп кеткен. Ошол күндөн бери издөө иштери жүргүзүлүп, бирок табылбай келген.

22-июнь күнү издөө иштердин натыйжасында саат 18:00 чамасында Аксы райондук ӨКБнүн куткаруучулары тарабынан Желе-Терек тилкесиндеги сууга түшкөн жерден болжол менен 4-5 км төмөн жактан баланын жансыз денеси табылып, суудан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий