• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ленин чокусунда дайынсыз жоголгон туристти тик учак менен издеп жатышат

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ленин чокусунан түшүп келе жатып дайынсыз жоголгон Россиянын жаранын издөө үчүн тик учак тартылды, - деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Алдын ала алынган маалымат боюнча, эс алганы келген 1974-жылкы И.И., аттуу россиялык жаран 27-июль күнү Ленин чокусунан түшүп жатып дайынсыз жоголгон. Акыркы жолу саат 18:40та байланышка чыккан.

Россиялык жаран “Горы Азии” туристтик фирмасына катталган.

"29-июль күнү издөө иштерине ӨКМден 6 куткаруучу тартылып, мындан тышкары "Ак-Сай-Трейвел" туристтик компаниясынан 6 куткаруучу жана туристтик компаниясынын өтүнүчү менен "Кыргызстан Валор Эйр" авиакомпаниясынын 1 тик учак тартылган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий