• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кара-Кулжа дарыясына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Кырсык 0

Бишкек, 25.06.21. /Кабар/. Кара-Кулжа дарыясына чөгүп кеткен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда Ош облусунун Кара-Кулжа айылында Кара-Кулжа дарыясына 30 жаштагы О. у Б. аттуу киши чөгүп кеткен.

24-июнь күнү жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 14 куткаруучу тартылып, саат 09:10до маркумдун сөөгүн таап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий