• 88.68
  • 95
  • 0.95

Окуучуларды креативдүү экономикага даярдоо боюнча программа тартууланды

Билим 0

Бишкек 03.04.24. /Кабар/. Креативдүү экономиканы түзүү үчүн “Заманбап мугалим” билим берүү программасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Программага катышууну каалаган ар кайсы тармактын адистери, мугалимдер, ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү эки жыл аймактык, айылдык мектептерде иштөөсү пландаштырылууда. Программа “Заманбап Мугалим” коомдук фонду тарабынан демилгеленген.

Стартаптын ачылышында “Заманбап мугалим” коомдук фондунун директору Асель Бектенова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын директору Гапыр Мадаминов, ololo компаниялар тобунун тең негиздөөчүсү Данияр Аманалиев, Compass College окуу иштери боюнча директордун орун басары Айымжан Алмазбекова,Борбор Азиядагы Эл аралык университеттин вице-президенти Иван Ниненко программа, Кыргыз Республикасындагы креативдүү экономиканын келечеги тууралуу айтып беришти.

Пикир

Оставить комментарий