• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ЖОЖдордо бюджеттик жана келишимдик негизде канча орун бар? Жооп

Билим 0

Бишкек, 10.08.22. /Кабар/. 2022-жылдын 10-августу саат 14:00гө чейин жүргүзүлө турган IV турда гранттык негизде – 608, келишимдик негизде – 66321 бош орун бар. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайыу, Жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагынын I туру 18-июлда башталса, II тур 25-июлдан 27-июлга чейин өттү. Ал эми III тур 1-августта башталып, 3-августта аяктады.

III турда пландалган 1059 бюджеттик орунга 2108 абитуриент, келишимдик негиздеги 69120 орунга 4809 абитуриент тапшырды.

ЖОЖдор гранттык негизде кабыл алууга 663, келишимдик негизде 3827 абитурентти кабыл алууга сунуштады. 6-август күнү саат 16:00гө карата тандалган жогорку окуу жайында тармагы/адистиги боюнча гранттык негизде окууну 491 абитуриент, келишимдик негизде окууну 3827 абитурент тастыктады.

Төртүнчү турга карата гранттык орундардын 87,3% жана келишимдик орундардын 20,14%ы пайдаланылды.

Пикир

Оставить комментарий