• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоо сунушталды

Билим 0

Бишкек, 17.05.22. /Кабар/. Бүгүн Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси өттү, - деп билдирет ведомствонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук фонд, уюмдардын өкүлдөрү жана кыргыз тилчи жаш мугалимдер катышты.

Кеңешмеде кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча бир катар маселелер талкууланды. Мындан сырткары катышуучулар тарабынан ушул багытта иш жүргүзгөн коомдук уюмдар менен биргелешип иштөө сунуштары айтылды.

Ошондой эле кеңешмеде окуучуларды кыргыз тили боюнча жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдоо маселелери көтөрүлдү.

«Окуучуларды 5-класстан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө даярдай баштасак жакшы болмок. Анткени бүтүрүүчү класстарда даярдай баштоо менен кечигип калуудабыз», - деп билдирди Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова.

Пикир

Оставить комментарий