• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй районунда башкы архитектор дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Чүй облусуна караштуу Чүй райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына Заирбек Бекетаев башкы архитектор болуп дайындалды. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-комуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Жаңы архитекторду бүгүн эмгек жамаатына Чүй регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Алмаз Мажитов тааныштырды.

Заирбек Бекетаев жогору билимдүү, архитектура тармагында иш тажрыйбасы жетиштүү.

Пикир

Оставить комментарий