• 88.33
  • 95.26
  • 0.96

Эсеналы Ормоналиев Аксы районунун акими кызматынан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими Ормоналиев Эсеналы Касымалиевич берген арызынын негизинде ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, тийиштүү буйрукка премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Новиков кол койгон дагы бир буйрукка ылайык, Шакиев Жыргалбек Тургунбекович Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими болуп дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий