• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто Элдик курултайдын катчылыгы делегаттар менен жолугушуу өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэриясында Элдик курултайдын катчылыгынын кызматкерлери менен Ош шаарынын жана Ош облусунун Элдик курултайынын делегаттары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Шайлообек Козубаев, Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Азатбек Кубатбек уулу, Элдик курултайдын катчылыгынын өкүлдөрү Майорбек Сатымкулов, Замирбек Көчөрбаев, Элзарбек Шаршенбек уулу катышты.

Жолугушууда II Элдик курултайдын алкагында көтөрүлгөн бир катар маселелердин жыйынтыгы боюнча түзүлгөн иш-чаралар планы, “Элдик Курултай жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле Элдик курултайдын делегаттарынын ишмердүүлүгүндө ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү багытында аткарылган иштер тууралуу маалыматтар берилди.

Соңунда суроо-жооп уюштурулуп, катышуучулар тарабынан Элдик Курултайды өткөрүү тартиби боюнча сунуштар берилип, пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, биринчи Элдик курултай 2022-жылдын 25-26-ноябрында, экинчиси болсо 2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү өткөн.

Пикир

Оставить комментарий