• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент жылуулук менен камсыздоо объекттерин жергиликтүү бийликке өткөрүп берүүнү тапшырды

Президент 0


Бишкек, 03.04.24./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасын реформалоого боюнча кеңейтилген жумушчу кеңешме өткөрдү.

Иш-чара министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациянын жана жергиликтүү бийлик органдарынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда өттү.

Видеоконференцбайланыш режиминде президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаарлардын мэрлери жана райондордун акимдери катышты.

Мамлекет башчысы жылуулук менен камсыздоо тутумун оптималдаштыруу боюнча көрүлгөн чараларга карабастан, ар жылы турак-жайларды жана социалдык объектилерди жылытууда кандайдыр бир маселе чыгып, көйгөй болуп келгенин айтты.

Президент көпчүлүк отканалардын эскилиги жетип, эффективдүүлүгү азайып, натыйжада чоң жоготуулар болуп жатканын баса белгиледи. Муну менен катар тармакта квалификациялуу адистердин жетишсиздиги, энергоресурстардын өздүк наркынын жогорулашы, ошондой эле коррупциялык көрүнүштөр сындуу себептерден улам иштин жүрүшүндө маселелер жаралууда.

Буга байланыштуу Садыр Жапаров “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын филиалдары, Бишкек жана Ош шаарларынын ТЭЦтери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына, балансына өткөрүлө турганын белгиледи. Ошол эле маалда жылуулук менен камсыздоо объектилерин алдыдагы 3 жылда каржылоо маселеси республикалык бюджеттен субсидия катары берилип турат. Бул убакыттан кийин отканалар өзүн-өзү актай турган деңгээлге чыгуусу тийиш.

Мамлекет башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калк алдында жоопкерчилигин жогорулатуу жана энергетика ишканаларын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу зарылдыгына басым жасады. Ал ошондой эле алардын ишмердүүлүгүнө баа берүү жылуулук менен камсыздоо объектилерин башкаруунун натыйжалуулугуна жараша болорун баса белгиледи.

Президент отказандарды өткөрүү этап-этабы менен Энергетика министрлигинин жана энергетика компанияларынын адистеринин толук катышуусу жана көмөгү менен жүргүзүлөрүн өзгөчө белгиледи.

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине жана президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыкты катуу көзөмөлдөөнү, бюджеттик каражаттарды өз убагында төлөөнү жана жылуулук менен камсыздоо объектилерине отун сатып алууну толук көлөмдө жүргүзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий