• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жээнбеков: Парламенттик шайлоону мыйзамдын чегинде, калыс өткөргөнгө бардык аракетимди жумшайм

Президент 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Парламенттик шайлоону мыйзамдын чегинде, калыс өткөргөнгө бардык аракетимди жумшайм. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүп жаткан жыл аягындагы жыйынтыктоочу маалымат жыйында билдирди.

Ал белгилегендей, учурда шайлоого бара турган күчтөр аракет көрө баштады.

"Кийинки жыл абдан саясатташкан жыл болот. Бардык саясий күчтөр, саясатчылар, депутат болом дегендер аракет кыла баштайт. Элдин добушун алганга аракеттер болот. Азыр андай аракеттерди байкап жатам. Шайлоону мыйзамдын чегинде, калыс өткөргөнгө бардык аракетимди жумшайм. Мурункудай болбойт. Ага жол бербейм", - деди ал.

Аны менен бирге ал, өзү мурда катарында болгон КСДП партиясына жан тартпай турганын айтып өттү.

Пикир

Оставить комментарий