• 88.68
  • 95
  • 0.95

Оштогу Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө иштери май айында толук аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Ош шаарындагы Ж.Раимбеков көчөсүн оңдоп-түзөө иштери май айында толук аяктайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

маалыматка ылайык, учурда аталган көчөдө оңдоп-түзөө, көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери уланууда.

Узундугу 530 м туурасы 22 метр болгон жолго жаңыдан асфальт төшөлүп, 3 метрге кеңейтилген. Андан сырткары 420 даана бак-дарак отургузулган. Ошондой эле, заманбап жарыктандыруу, электр чубалгыларын иретке келтирүү, суугат системаларын орнотуу иштери да аяктаган.

Учурда көрктөндүрүү, отургучтарды, тосмолорду орнотуу, таман таш басуу, иштери жасалууда.

Пикир

Оставить комментарий