• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кара-Сууда чиновниктер муктаж эместерге "жөлөк пулду" мыйзамсыз беришкен

Коом 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Ош областынын прокуратурасы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык жардам көрсөтүү боюнча мыйзамдардын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, текшерүүдө Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн социалдык жардам көрсөтүү комиссиясынын мүчөлөрү жана Кара-Суу райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери 2022-2023-жылдары кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланышып, ченемдик укуктук актынын талаптарын бузуу менен социалдык жардам алууга иш жүзүндө муктаж болушпаган 15 жаранга социалдык контракттын негизинде жардам катары 1 млн 500 миң сомдук акча каражат мыйзамсыз берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле, аталган райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери "16 жашка чейинки балдары бар муктаж жарандардын "үй-бүлөгө көмөк" - ай сайын жөлөкпул алууга жарандардын муктаждыгын аныктоо тартиби жөнүндө" жобонун талаптарын бузуу менен иш жүзүндө муктаж эмес 23 жаранга 462 миң 500 сомдук үй-бүлөгө көмөк жөлөкпулдары мыйзамсыз чегерилип, жогорудагы мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 1 млн 962 миң 500 сомдук зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу" жана "Кызматтык жасалмачылык" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Кара-Суу РИИБ ТКна тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий