• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМдин түзүлгөнүнө 80 жыл. БУУнун КРдагы туруктуу координатору куттуктоо катын жөнөттү

Саясат 0

Бишкек, 03.04.24. /Кабар/. Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве өлкөнүн тышкы иштер ведомствосунун түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына карата тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевге куттуктоо катын жолдоду.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, туруктуу өкүлдүн куттуктоосунда мындай деп айтылат:

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы дипломаттар командасы, сиздерди Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун үй-бүлөсүнүн атынан 80 жылдык мааракеңиздер менен чын дилимден куттуктайм!

Тышкы иштер министрлиги 1944-жылдын 17-мартында түзүлгөндөн бери Кыргызстандын эл аралык мамилелеринин пайдубалы болуп саналат. Өлкө 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмуна киргенден бери министрлик Бириккен Улуттар Уюмунун бардык негизги багыттарына – тынчтыкка жана коопсуздукка, өнүгүүгө жана адам укуктарына Кыргызстандын көптөгөн салымдарын түзүп, глобалдык демилгелерге шыктандырды.

Президент тарабынан 2023-жылдын сентябрында ТӨМ боюнча саммитте кабыл алынган милдеттенмелер, БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы аркылуу Кыргызстан демөөрчү болгон тоо күн тартибин бекитүү, ошондой эле БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча ырааттуу конференцияларына активдүү катышуу (ТК) министрликтин инклюзивдик өнүгүүгө, климаттын өзгөрүшүнө каршы иш-аракеттерди илгерилетүүгө жана айлана-чөйрөнү сактоого көмөктөшүү үчүн көп тараптуу мамилелер аркылуу глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө умтулуусу үчүн үлгү болуп саналат. Мындан тышкары, министрликтин 20-февралды Эл аралык социалдык адилеттүүлүк күнү деп белгилөө демилгеси жана Кыргызстандын адам укуктары боюнча кеңешке экинчи мүчө болуп кириши министрликтин социалдык теңсиздикти жоюу жапа адам укуктарын илгерилетүү маселелерин чечүү боюнча глобалдык аракеттерди калыптандырууга умтулуусун баса белгилейт.

Тышкы иштер министрлигинин бай тарыхы жана мурасы анын кызматкерлеринин берилгендигинин, кесипкөйлүгүнүн жана чексиз милдеттенмесинин далили. Сиздин талыкпаган аракеттериңиз эки тараптуу жана көп тараптуу байланыштарды гана бекемдебестен, Кыргыз Республикасы менен аймактардагы жана дүйнө жүзүндөгү эл аралык коомчулуктун ортосундагы диалогго; кызматташтыкка жана өз ара түшүнүшүүгө долбоорго өбөлгө түздү.

Тышкы иштер министрлиги мыктылык жана чыгармачылык салтын улантат деп ишенем. Бул маараке тынч, адилеттүү жана жашыл дүйнөнү түзүү боюнча жалпы максаттарыбызга, анын ичинде ушул сентябрда Нью-Йоркто өтө турган БУУнун Келечек Саммитине даярданууда жаны чечкиндүүлүккө дем берсин! Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жалпы жамааты – сиздерди ушул тарыхый окуя менен дагы бир жолу куттуктайм».

Пикир

Оставить комментарий